7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тар» суусуна Porter менен түшүп кеткен 2 киши жана 4 жашар наристе табылбай жатат

2973

Оштун Кара-Кулжа районундагы «Тар» дарыясына Hyundai Porter автоунаасы менен бараткан беш киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу Көңдүк айылындагы «Асыран бий» көпүрөсүнөн өтүп баратып рулга ээ боло албай сууга кулаган. Экөө куткарылып, үчөө изделип жатат.

«Жергиликтүү тургундар 41 жаштагы айдоочу менен 13 жаштагы өспүрүмдү куткарып калышкан. Ал эми 37, 28 жаштагы эки киши жана төрт жашар наристе дайынсыз болууда»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, окуя болгон жерге беш куткаруучу тартылып, издөө иштери уланып жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2974