7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Худяков 74 жашында каза болду

736

Көрүнүктүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Худяков Юлий Сергеевич 74 жашында каза болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Илим чөйрөсүндөгү белгилүү ишмер, өз ишинин чыныгы устаты, илимий-билим чөйрөсүндө кадыр-баркка ээ Юрий Сергеевич 1947-жылы 8-декабрда Кемерово облусунун Крапивинский районундагы Медвежка айылында туулган.

Ал бүт өмүрүн илимге жана кыргыздардын тарыхын изилдөөгө арнаган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына кошкон салымы үчүн Ю.С. Худяков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары – III даражадагы “Манас” жана “Данакер” ордендери менен сыйланган.

«Юлий Сергеевич Худяковдун бүткүл өмүр жолу – өз ишин берилгендик менен аткаруунун жана талыкпас илимий изденүү менен талап кылынган граждандык парзын аткаруунун өрнөгү.

Худяков өзүнүн жогорку профессионалдуулугу, активдүүлүгү жана патриоттук позициясы үчүн урмат-сыйга ээ болду. Анын бул жашоодон кетиши илимий-педагогикалык коомчулук үчүн орду толгус оор жоготуу.

Юлий Сергеевич кыргыз элинин эсинде кыргыз элинин улуу досу катары кала берет. Сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана Юлий Сергеевич Худяковдун досторуна, үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз»,-деп берилет маалыматта.

С.Н. Жапаров, А.У. Жапаров, А.К. Касымалиева, Н.Ж. Бакирова, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.К. Койчиев, Б.И. Борубашев, А.К. Эргешов, Р.А. Казакбаев, Б.Д. Купешов, А.К. Жаманкулов, М.С. Джуматаев, Б.К. Тыналиева, В.М. Плоских, А.А. Асанканов, Т.А. Абдырахманов, К.Ж. Садыков, Э.Дж. Маанаев, О.Дж. Осмонов, Т.К. Чоротегин, К.С. Молдокасымов, О.К. Каратаев, М.Ч. Кожобеков, К.Ш. Табалдыев, О.А. Солтобаев ж.б.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737