7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарых менен табияты айкалышкан дестинация. Памуккалеге саякат (ФОТО)

449

Туризм жагынан алганда Памуккале Денизлинин эң маанилүү райондорунан бири десек болот. Юнесконун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен табигый жана маданий мурас катары орун алган Памуккале травертиндери, байыркы Иераполис шаары, музейлери, экотуризми, кайнар булактары, кербен сарайлары, гүл бакчалары, кооз парктары менен туристтерди өзүнө тартып келет. Инжил китебинде 7 чиркөөнүн бири деп жазылган байыркы Лаодикея шаары да дал ушул Памуккаледе жайгашкан.

ПАМУККАЛЕ ТРАВЕРТИНДЕРИ

Памуккале шаркырартма сыяктуу апапак травертиндери жана терасса формасындагы бассейндери менен дүйнөгө белгилүү. Аймактын атын чыгарган бул травертиндер кайнар суу менен кычкылтектин аралашмасынан улам пайда болгон.
Памуккаленин кайнар суусу дарылык касиетке ээ. Кылымдар боюу миңдеген адамдар Анадолудан Иерполиске келип дарыланып кетип турган. Байыркы Иераполис шаарындагы кар сыяктуу травертиндерди кармап көрүү болсо өзүнчө бир керемет. Памуккале тарых менен табийгатты айкалыштырган, бириктирген өзгөчө бир туристтик дестинация катары бааланып келет.
Памуккале травертиндери ак кар сымал түсү, акиташ сыяктуу түзүлүшү жана ысык суусу менен кишини арбаса, ал жердеги Клеопатра бассейни байыркы атмосферасы менен адамдын көңүлүн бурат.

БАЙЫРКЫ ИЕРАПОЛИС ШААРЫ
Байыркы Иерполис шаары Денизлиден 18 км түндүктө жайгашкан. Памуккале травертиндери менен бир кампуста курулган Иерполис археологиялык адабияттарда Ыйык шаар деп аталып келет. 2 500 жылдык тарыхы бар Иерполис шаары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Бул байыркы калаада уникалдуу мифологиялык рельефтери, кооз сахнасы, имараты жана отургуч, тепкичтери менен өзгөчөлөнгөн Байыркы Рим театры бар.
Иерполис калаасы алгач Бергама деп аталган. Бергаманы б.з.ч. II. кылымдын башында падыша Евменес II түптөп, калаага жубайы Хиеранын атын ыйгарган. Хиера деген сөз эллин тилинде ыйык деген маанини түшүндүрөт. Ошол мезгилдерде Иерполистеги кайнар бассейндери ден-соолук борбору катары колдонулуп, саламаттыгы жана сулуулугуна кам көргөндөр Анадолунун булуң-бурчунан келип, зыярат кылып турган. Бүгүнкү күндө да кайнар бассейндер байыркы миссиясын аткарып келе жатат.

ПАМУККАЛЕ ПАРКЫ

Памуккале натурал паркы Памуккаленин киреберишинде жайгашкан. Паркта чакан-чакан көлдөр, эс алууга ыңгайлуу жерлер бар. Ошондой эле атайын сууга ылайык жасалган велосипеддер менен деңизде да сейилдей аласыз. Көлдө сүзгөн балыктар жана каз, өрдөктөр тегеректи дагы да кооздоп, жанга жагымдуу атмосфера тартуулайт. Натурал парк жашыл аянтчалары, кафетерийлери, ысык көлмөлөрү менен Памуккаленин көркүнө-көрк кошуп турат.


Түркиянын эң бийин тематикалуу кенти болгон Сейир дөңсөөсү Короз айкели, кафе-ресторандары, отургуч жана пикник аянтчалары, тоо чана трассалары, балдар аянтчасы жана 35 метр бийиктен түшкөн шаркыратмасы менен белгилүү. Айрыкча үй-бүлө менен убакыт өткөргөнгө эң ыңгайлуу жер.

ХАЛЫЧЫ АХМЕТ УРКАЙ МУЗЕЙИ


Халычы Ахмет Уркай музейине геологиялык жана этнографиялык эмгектерден тышкары тыйындар жана кол жазмалар менен бирге жалпы 2000 эмгек коюлган. Памуккале менен Карахайыттын тарыхы жана цивилизациясын сиз бул музейден визуалдык түрдө көрө аласыз.

АХАН КЕРБЕН САРАЙЫ


Ахан кербен сарайы Анадолу Селчуктарынын батыштагы эң соңку кербенсарайларынын бири болгон. Жабык бөлүгү 1253 – жылы (Х. 651) , ачык бөлүгү 1254-жылы(Х. 652) курулган. Кербен сарайдын жалпы аянты 1100 метрди түзөт.

ГӨЗЛЕРДЕГИ ЛАВАНДА БАКЧАЛАРЫ


Памуккаледен 30 чакырымдай алыс жайгашкан Гөзлер айылы лаванда гүлдөрү менен белгилүү. Июнь, август айларында лаванда гүл ачып, жайылган талаа, түздүктөр көк түс жамынат. Лаванданын мекени болгон Гөзлер айлында тимьян балы, таза тимьян, лавантадан жасалган самын, парфюм, душ гели, крем сыяктуу табигый продукцияларды сататурган жерлер да бар.

ДЕНИЗЛИДЕГИ АТАТҮРК ҮЙҮ ЖАНА ЭТНОГРАФИЯ МУЗЕЙИ
Денизлидеги Ататүрк үйү тышкы түзүлүшү, планы, терезелеринин формасы менен өзгөчөлөнгөн Хиос стилиндеги бир музей болуп саналат. Бул имаратты Ататүрк алгач партиянын кеңсеси катары колдонгон. Музейдин төмөнкү кабатына этнографиялык эмгектер, үстүнкү кабатына болсо Ататүрккө таандык эмгектер коюлган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

450