7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «КЭР-КР-ӨзР» темир жолу мамлекет үчүн келечекте ири кирешелердин агылып келишине шарт түзөт»

381

«»Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан« темир жолу мамлекет үчүн келечекте ири кирешелердин агылып келишине жана сырттан инвестициялардын тартылышына кеңири шарт түзөт», — деп билдирди Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн Биринчи Элдик Курултайында сүйлөгөн сөзүндө.

«Биз эгемендик алган алгачкы жылдардан бери эле сөз болуп, бирок айрым бир саясий кызыкчылыктардын каршылыгынан улам чечилбей келаткан „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолун куруу келишимине жетиштик. Бул деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, биздин темир жолубузду транзиттикке айлантат. Бул өнүгүү үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Бүгүнкү күндө Кытайдан инженер-адистер келип, Нарын, Жалал-Абад облустарында изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул жол мамлекет үчүн келечекте ири кирешелердин агылып келишине жана сырттан инвестициялардын тартылышына кеңири шарт түзөт», — деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров ошондой эле темир кендерин иштетүү маселесине да токтолду.
«Келечекте темир жол курулушуна, ГЭСтерибизди курууга, өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, өз темир кендерибизди пайдаланууну, темир рудасын кайра иштетүү жана өндүрүү боюнча заманбап заводдорду курууну көздөп жатабыз. Себеби бүгүнкү күндө темир сатып алууга жылына бир нече миллион доллар жумшайт экенбиз. Ушундай каражатка өзүбүзгө заманбап темир иштете турган завод куруп алсак, өлкөбүздөн ири каражаттын сыртка агып чыгып кетишин токтотуп эле калбастан, темирди экспорттоо менен мамлекетибиздин казынасына олуттуу киреше киргизебиз», — деди Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

382