Жалал-Абад облусунда алтын казган компаниянын мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда алтын казуу менен алектенген тоо-кен ишканасы уруксаттардын жана тиешелүү экологиялык паспорттун жоктугуна карабастан, экологиялык зыян үчүн тарифти жеңилдетилген ставка боюнча төлөп берип жүргөн. Анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды.
Жалал-Абад облусунун экология жана техникалык көзөмөлү жана алтын казуучу компаниянын өкүлдөрү, Жаратылыш ресурстар министрлигинин областтык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында белгиленген тарифте карама-каршылыктар аныкталып, 20 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.