7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, «Камбар-Ата-1″ ГЭСин куруу иштерин баштадык»

435

«Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун башталышы — өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам», — деп билдирди Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн биринчи Элдик Курултайында сүйлөгөн сөзүндө.

«Суу башында туруп электрэнергиясын импорттоо — биз үчүн уят иш, бетке чиркөө көрүнүш. Биз Кудай берген ырыскыбызды — Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланып, элибиздин башкы байлыгына айландырууга милдеттүүбүз. „Эл башы болгуча — суу башы бол!“ деген экен даанышман аталарыбыз. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, „Камбар-Ата-1“ ГЭСин куруу иштерин баштадык. Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон „Камбар-Ата-1“ ГЭСинин курулушунун башталышы — өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам. Кудай буюрса, аны толук бүтүрүп, ишке беребиз», — деди Мамлекет башчысы.

Ошону менен бирге, Садыр Жапаров бир нече чакан ГЭСтердин курулуштары башталганын белгиледи.

«Айрымдары жакынкы мезгилде ишке киргизилүүнүн алдында турат. Биз өлкөнү электр кризисинен толук чыгарып, сырттан электр энергиясын сатып албай, тескерисинче, электр кубатын сыртка экспорттогон алдыңкы өлкөгө айланабыз. „Камбар-Ата-1“ ГЭСи биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор! Келечекте ушундай эле чоң-чоң стратегиялык ГЭСтерди куруу пландарыбыз да бар. Ага биздин табиятыбыздан берилген мүмкүнчүлүк жол берет», — деп Садыр Жапаров баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

436