Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Стратегиялык имарат болгондуктан жерине ыкчам түрдө ӨКМдин жалпы 6 өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Жогорку Кеңештин жер төлөөсүнөн (подвал) түтүн чыккан, ачык өрт болгон эмес»,- деп берилет билдирүүдө.
Учурда өрттүн себептери такталууда, жабыркагандар жок.