7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик тарых музейине жаңы директор дайындалды

637

Жылдыз Бакашова Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине директор болуп дайындалды. Бул маалыматты Министрлер кабинети билдиргенин маалымат булактары жазып чыкты.

Буга чейин музейди Кеңешбек Алмакүчүков жетектеп келген. Соттун чечими менен анын кызматы калыбына келтирилгени маалымдалат. Бирок кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып бергенине байланыштуу музейдин директорлугуна Жылдыз Бакашова дайындалган.

Соттук териштирүү иштери жүрүп жаткан кезде,  бул кызматты Гүлбара Абыдкалыкова аркалаган. 2020-жылдын 26-ноябрында аталган кызматка сот иштери бүткөнгө чейин деген келишимдин негизинде дайындалган. Териштирүү бүткөндөн кийин ал да кызматынан бошотулган.

Ал эми 62 жаштагы Жылдыз Бакашова буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ага чейин 15 жылга жакын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада директор болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638