7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоокердин сабалышы. ӨКМ башчысы жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

608

Чүйдүн Беловодское айылындагы 86123 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы менен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул Бекзат Эсенбековдун сабалышынан улам, мындай окуялардын алдын алуу максатында уюштурулган. Министр тиешелүү кызматкерлерге мындан ары мындай иштерди болтурбоо, алдын алуу иштерин күчөтүү милдетин тапшырды.

Мындан сырткары анык мөөнөттөгү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин жатаканасы, ашканасы, мончосу, азык-түлүк кампасы жана тамактануусун жеке өзү текшерип чыкты.

Эске салсак, Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү таратып, ички иликтөө жүргүзүлүп, иш Аскер прокуратурасына өткөнү маалымдалган. Учурда жоокер ооруканада.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609