Кемин районунда 22 жаштагы кызды ала качкан шектүүлөр кармалды. Маалыматты Чүй облустук милициясы таратты.
Кабарлангандай, 11-июнга караган түнү саат 01:50 чамасында Кемин районунун Чым-Коргон айылында кыз ала качуу болду деген маалымат түшкөн.
Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Анын ичинде ала качкан 2000-жылы туулган А.к.З. аттуу кыз болгон.
Кыз ала качууга шектүүлөр 1994-жылы туулган К.М.Б., жана автоунаанын айдоочусу Д.А.К. кармалып Кемин РИИБнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.