7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарых жаратты! Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия кубогуна жолдомо утту

480

11-июнда, Азия зонасында 2026 Дүйнө Чемпионаты жана 2027 Азия Кубогунун айкалышкан экинчи тандап алуу раундунун алкагында 6 – жыйынтыктоочу турдун оюндары орун алып, Кыргызстандын улуттук курамасы Оманга каршы оюнда кез келди.

Эске салсак, Кыргызстандын курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбэй курамалары менен кошо «D» тайпасында жайгашкан. Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантмак.

Оюн курамалардын тең чыгуусу менен аяктап (1-1), анын жыйынтыгында, Кыргызстандын Улуттук курамасы 2027 Азия Кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыгуусун камсыздады.

Жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда курамабыз 11 упай менен экинчи орунду ээледи. Оман 13 упай менен биринчи орунда, Малайзия 10 упай менен үчүнчү орунда, Кытайлык Тайбэй 0 упай менен акыркы орунда.

 

481