7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2 жаштагы кызды сабоого шектелип өгөй атасы кармалды

494

Баткен районунда милиция кызматкерлери 2 жаштагы кызды сабаган деген шек менен өгөй атасын кармашты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Окуя 7-июнь күнү болгон. Анда 2 жаштагы кыз Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факт ошол эле күнү милицияга кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүргүзүлө баштаган.

Окуя жаш наристеге байланыштуу болгондуктан Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп, окуяны тыкыр иликтеп, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабап кыйноо» беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан кылмыш иши козголгон. Арыз менен таянеси кайрылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

495