7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мал жайлап жүргөн кишиге чагылган тийип, минип жүргөн аты дароо өлдү

2357

Сокулук районундагы Таш-Башат жайлоосунда мал жайлап жүргөн атчан кишиге чагылган тийди. Анын кесепетинен ал жаракат алып, минип жүргөн аты өлдү.

Маалымытка ылайык, Бекназар Кошалиев 12-июнь күнү саат 16:00-17:00 чамасында атын минип алып, адаттагыдай тайларды чогултуп жүргөн.

«Жайлоого чыгып, 1 жаш тайларды багам. Ошол күнү адаттагыдай эле тайларды чогултуп жүргөм. Анан жамгыр жаап баштады. Чагылган чартылдап жаткан. Бир маалда «тарс» этип, бомба жарылгандай эле болуп кетти. Эсиме келип турсам, минген атым жерде жатыптыр. Анан бир колумдун күйүп калганын сездим. Ошону менен азыр ооруканада дарыланып жатам. Чагылган аттын далысынан кирип, туягынан чыгып кетиптир. Ал дароо эле өлүптүр», — деди ал.

Эскерте кетсек, анын айтымында, бир топ жыл мурун ушул эле жайлоодо чагылгандан 30 чактуу кой өлгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2358