7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таш-Көмүрдө «Кристалл» заводундагы уулуу заттарды жок кылууга 92 млн. сом бөлүндү

12
Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводунда жайгашкан уулуу заттарды утилдештирүүгө 92 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тескемесинде белгиленген.
Документке ылайык, ӨКМ тазалоо иштеринин 1-этабын 2026-жылы, 2-этабын 2027-жылы жүргүзөт.
“Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан уулуу, өмүргө коркунуч туудурган химиялык заттарды чыгаруу, зыянсыздандыруу жана утилдештирүү зарыл. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында 91 миллион 958 миң 918 сом бөлүнсүн”, — деп айтылат документте.
Белгилей кетсек, заводдун аймагында 80 тоннага чукул зыяндуу химиялык, уулуу заттар сакталган. https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/23494 Буга чейин химиялык утилдештирүү үчүн 172 миллион рубль, сыртка ташып чыгууга 300 миллион рублден ашык акча керектелери айтылып, Росатом менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган.
13