7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев «Акынжы» деп аталган пилотсуз учуучу аппараттын жанынан түшкөн сүрөтүн жарыялады

990

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына учкучсуз учуучу аппараттарынын «Акынжы» деп аталган түрүнүн жанына түшкөн сүрөтүн жарыялады.

«Акынжы» биздики! Боордош элибизге ыраазычылык!»,-деген ал.

Азырынча учкучсуз учуучу аппарат Кыргызстанга кандай жол менен таандык болуп жатканы тууралуу маалымат бериле элек.

«Акынжы» деп аталган учкучу жок учуучу аппараттардын жаңы үлгүсү болуп саналат. Акынжы сокку уруучу дрон. Ал украиналык АИ-450S турбовинттик кыймылдаткычы менен жабдылган, анын жерге биринчи жолу учуруусу 2019-жылдын августунда болгон.

Маалым болгондой, былтыркы сыноолордо “Байрактар ​​Акынжы” 11,6 чакырым бийиктикке чыккан.

Акынжынын жүк көтөрүмдүүлүгү 1350 кг, анын ичинде 400 кг ички жана 950 кг тышкы жүк. Эки турбовинттүү кыймылдаткычтар, ар биринин кубаттуулугу 450 л.с., максималдуу учуу салмагы 5,5 тоннаны түзөт.

Акынжы абадан учурулган канаттуу ракеталарды учура ала турган алгачкы учкучсуз учак болот. Татаал аба ырайына туруштук бере алат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

991