7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Кыргызстан климаттын жаратылышка тийгизген терс таасирин ооздуктоого багытталган саясатты жүргүзүүдө»

579

«Өлкөбүз климаттын жаратылышка, өзгөчө мөңгүлөргө жана биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген терс таасирин ооздуктоого жана жумшартууга багытталган жигердүү саясатты жүргүзүп, эл аралык маанилүү демилгелерди көтөрүүдө», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, коопсуздук саясатынын дагы бир жаңы багыты — бул жер бетиндеги терс климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу жана аларга ыңгайлашуу.

«Акыркы убакта дүйнөнүн ар кайсы региондорунда, анын ичинде АӨИЧК мейкиндигинде табигый кырсыктар суу ташкындары, селдер, жер көчкүлөр жана жер титирөөлөр түрүндө байкалып, алар чоң кыйроолор жана адамдардын өлүмүнө алып келди. Бизде бул татаал табигый процесстерге ыңгайлашуудан башка альтернатива жок.

Ушуга байланыштуу биз биринчи кезекте АӨИЧКге мүчө-мамлекеттердин урматтуу мамлекет жана өкмөт башчыларына, ошондой эле биздин досторубузга БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2022-жылды „Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы“ деп жарыялоо боюнча демилгебизди колдогондугу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.

Президент Кыргызстанда быйылкы жыл «Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланганын эске салды.

«Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин мындан ары алдыга жылдыруу үчүн Кыргызстан 2023-2027-жылдарды „Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы“ деп жарыялоо демилгесин көтөрдү жана бул жаратман идеяны колдооңуздарга ишеним аратбыз», — деп кайрылды Садыр Жапаров АӨИЧК саммитинин катышуучуларына.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580