7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев аскер кызматкерлерине батирдин ачкычын тапшырды

691

Бүгүн, 12-сентябрда Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.

Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Көптөн күткөн жаңы батирлердин ачкычтарын 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрү алышты. Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган. Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 чарчы метрди түзөт. Үй жеке долбоор менен курулган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692