7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Балыкчынын коммуналдык кызматтарына 100 млн сомдук техникаларды тапшырды

288

Бүгүн, 6-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына жаңы техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы баасы 100 миллион сом болгон 36 даана ар түрдүү коммуналдык техникалар: жол тазалоочу, таштанды ташуучу, суу чачуучу жана атайын тейлөө унаалары Балыкчы шаарынын муниципалдык чарбасына берилди.

Ошондой эле УКМК төрагасы Балыкчы шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу масатында президенттин турукташтыруу фондунан жакында дагы 500 млн сом бөлүнө тургандыгын кабарлады.

Техникаларды тапшыруу аземинде генерал-полковник чогулган элдин көйгөйлөрүн чечүүнү жеринде тийиштүү кызматтагыларга табыштады.

289