7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Баткенде жабыркаган чек арачыга батир берди

637

Бүгүн, 19-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган чек ара кызматкери Инхамов Таирбек Давранович менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда, Инхамов Таирбек Даврановичке Бишкек шаарында жайгашкан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Мындан сырткары, УКМК төрагасы Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.

Маалымат иретинде: 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда, Таирбек Инхамов минометтун жарылуусунан жаракат алып, эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип өтүп кеткен, ошондой эле сол көзүнөн ажыраган.

Учурда Инхамов ата-энеси менен жашайт

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638