7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Чек ара кызматынын жаңы аскердик-техникалык жабдыктары менен таанышты

531

Бүгүн, 18-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнө барып, сатылып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдыктар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев Ташиевге чек араны кайтарууга алган тарамдарды камсыздоого алуунун алкагында ооруктук мүлк жана атайын техника алуу үчүн чек ара ведомствосуна республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөндүгүн баяндады.

Чек ара кызматынын тарамдарын камсыздоо иш-аракетинин алкагында сатылып алынган аскердик-техникалар чек ара тарамдарына жөнөтүлөт.

Өз кезегинде Ташиев өлкө жетекчилиги жана ведомство тарабынан УКМКнын Чек ара кызматынын алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

532