7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрүнүн күйөрмандары билеттин баасына нааразы болуп Ташиевге кайрылды 

413

Социалдык тармактарда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге «Аккула» ат майданында өткөн көк бөрү оюнуна билеттердин кымбаттыгынан улам көптөгөн жарандар келе албай жатканы тууралуу видеокайрылуу тарады. Алар билет баасы мурда 500 сом болсо, азыр 800 болуп кетиптир деп нааразы болушуп, көзөмөлгө алууну суранышты.

Бул видеодон кийин Kassir.kg компаниясынын башкы директору да видеокайрылуу жасап, кечирим сурап, Көк бөрү федерациясы менен келишим бар экенин, мындан ары бардык билеттерди 500 сомдон сата турганын билдирди.

 

414