Бүгүн, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган, чек ара кызматкери Дастан Шарипов менен жолукту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Жолугушуу учурунда, Ташиев Дастан Шариповго Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Мындан сырткары, УКМК төрагасы согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Ошондой эле согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 16-сентябрындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан айрылган. Ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесинен майда темирдин сыныктары алынган.