7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Кембридж университетине өткөн Ногойбаевге колдоо көрсөттү

208

Бүгүн, 29-июлда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Нарын облусунун Ат-Башы айылынын тургуну Нурлан Ногойбаевди кабыл алды.

Ногойбаев Англиядагы Кембридж университенин Технология саясаты боюнча магистратурага тапшырып, окууга кабыл алынган. Кембридж университети дүйнө жүзүндөгү эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири болуп, ал жакта контракттык төлөмдүн баасы жогору болуп саналат.

Ногойбаев «Эл үмүтү» Президенттик стипендиясына ээ болуп, каржылык колдоо алган. Деген менен акча каражаты толук түрдө контракттык төлөмгө жетпегендиктен, калган суммага көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен УКМК төрагасыга кайрылган. Генерал-полковник өтүнүч катты дароо кабыл алып, Ногойбаевге керектүү акча каражатын тапшырды. УКМК төрагасы билимдүү жаштар өлкөнүн эртеңки келечеги экендигин баса белгилеп, Нурландын окуусуна ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, Ногойбаев буга чейин Франциянын Париж шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринен Жасалма интеллект боюнча магистратурасын аяктаган. Акыркы эки жарым жылдан бери Париж шаарында авиация тармагында инженер болуп иштеп келет.

 

209