7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Матраимовдун моюнуна 200 миллион доллар илинген

398

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райым Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар илингенин айтты.

«Раим Матраимовду биз биринчи жолу кармаганда 2 миллиард 200 миллион сом төлөп чыккан. Ошондо биз «мындан ары бандиттерге кошулбагыла, бажыга жарым кадам да жолобойсуң» деген шарт койгонбуз. Макул дешкен. Бирок кайра эле баштап алышты. Көлбаев менен кошулуп алып ишкерлерди коркутушту… Парламенттен Матраимов менен чогуу жүргөн, чогуу бизнес кылгандардын баарын тазалап атабыз. Мамлекеттик органдардан да тазалап атабыз, бирок дагы эле бар. «Матраимовго бул адамдардын байланышы бар» деп аким, губернатор бизге айтып, катуу иштешиңер керек. Эч ким сактап кала албайт. Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар илинген. Бул деген 19-20 миллиард сом. Силердин стадионго болгону 1 же 2 млн доллар кетет. Коррупцияга берип, коррупционерлерди колдогон үчүн мектеп, жол, стадиондор ушундай абалда. Эгерде алар уурдабай мамлекетке иштеп турганда стадион жаркырап турмак», — деди Ташиев.

399