Коррупцияга аралашкан УКМКнын сегиз кызматкери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев билдирди.
«Баткенде биздин кызматкерлердин арасынан сегизин жоопко тарттым. Алар коррупцияга аралашып, посттордон, ишкерлерден акча жыйнаган. Коркутат, үркүтөт. Силер УКМКнын кызматкерлеринен коркпогула! Эгер мыйзамсыз жосун жасаса мага кайрылгыла. Мыйзам чегинде укукту берип жатабызбы, жоопкерчилигин да сурайбыз», — деди Ташиев.