7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Мындан ары мамлекетибизде мыйзамдуулук гана болот

462

Коррупцияга аралашып, туура эмес иштерди жасагандардын жазасын беребиз. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарынын маданият үйүнүн жаңыланган имаратынын ачылышында билдирди.

Ташиев коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

«Коррупционерлер мамлекетте эң урматтуу адамдар болуп калган. Коррупционерлер — булар мамлекеттик органдардын башына келип алып, өлкөнүн, элдин ырыскысын талап тоноп жегендер. Бул мода болуп кеткен. Аким, губернатор, министр, же болбосо башка «майлуу» кызматтарга максаттуу түрдө «жегенге» барып калышкан. Пара берип мамлекетти тоногон жөнөкөй көрүнүшкө айлана баштаган. Мындан ары андай болбойт. Мамлекетти тоногондорду, коррупцияга берилгендерди, жогорку кызматтарда отуруп алып элдин ырыскысын жегендердин баарын түрмөгө камадык. Мындан ары да ушундай болот», — деди ал.

Ташиев эми мамлекеттик кызматка келип иштейм дегендердин бир гана максаты болорун баса белгиледи. Бул — элге кызмат кылуу.

«Коррупцияга аралашып, туура эмес иштерди жасагандардын жазасын беребиз. Мындан ары мамлекетибизде мыйзамдуулук гана болот. Мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылат, мыйзамды сыйлаган адамды мамлекет да сыйлайт», — деп баса белгиледи Ташиев.

 

463