Бүгүн, 28-ноябрда Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду. Ага Жогорку Кеңещтин төрагасы Нурланбек Шакиев жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү жетекчилер, депутаттар менен бирге Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Алсак, жалпы аянты 780 чарчы метрди түзгөн имараттын курулушу 1-июнда башталып, демөөчүлөр тарабынан 1 млн АКШ долларынан ашуун каражат сарпталган. Бардык шарты менен курулган заманбап имаратта жергиликтүү бийлик менен катар калкты тейлөө борбору жана музей жайгаштырылат.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев акыркы үч жыл аралыгында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолуп: “Быйыл Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1 триллион сомго жетти. Муну жемкорлукка каршы күчөтүлгөн күрөштүн, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жаатындагы алгылыктуу аракеттин жана жалпы эле жүргүзүлгөн туура экономикалык саясаттын жемиши катары караганыбыз оң”, – деди.
Ошондой эле мамлекетти өнүктүрүүдө ар бир жарандын кошкон үлүшү маанилүү экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Өлкөбүздөгү жаңыланууларга өз салымын кошуп, борбордон алыс жайгашкан Аманбаев айылына ушундай заманбап имаратты куруп берген Өмүрбек Бабановдун жасаган иши көпчүлүккө үлгү. Мындай демилгелер дагы улантылып, ийгиликтүү ишкерлерибиз, чыгаан уул-кыздарыбыз өз айылдарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт деген ишеничтебиз. Анткени, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу менен алдыга жыла берсек, Кыргызстаныбыз кубаттуу, өнүккөн мамлекетке айланат”, – деп кошумчалады.
Андан тышкары, Төрага жаңы имаратта иш алып бара турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жардам катары Жогорку Кеңештин атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырды. Андан соң Төрага Нурланбек Шакиев заманбап имараттагы түзүлгөн шарт менен таанышып, калкты тейлөө борборун, музейди жана жаңы ачылган паркты көрүп чыкты.