Бүгүн, 28-ноябрда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт-автожол” бекети үч саатка ишин токтотот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөрүү пунктундагы техникалык иштерге байланыштуу саат 15:30дан 18:30га чейин “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.