Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери чек ара боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Тажикстандын Бустон шаарында өттү.
Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна кыргыз-тажик чек арасы боюнча ишти активдештирүү тапшырмасын беришти.
Делегациялардын башчылары №44 Протоколго кол коюунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилешкени маалымдалды.