7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев турак жайга муктаж жалгыз бой энеге батирдин ачкычын тапшырды

576

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 1958-жылы туулган Нарын облусунун Кочкор районунун Туз айылынын тургуну 65 жаштагы Мамбеталиева Марипа Садыбакасовнага бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Буга чейин Марипа Мамбеталиева үй-бүлөлүк оор шартына байланыштуу Бишкектеги батирлерде көчүп конуп жашап жүргөн. 2 кыздын жана эки уулдун апасы.

Жолдошу жана бир уулу каза болгондуктан, неберелерин өз кароосуна алган. Андыктан турак жайы жок жалгыз бой апага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден жардам сурап кайрылган. Жыйынтыгында Марипа Мамбеталиеванын суранычы канааттандырылып, Камчыбек Ташиев ага борбор калаадан бир бөлмөлүү батир белек кылды. Мындан ары Мамбеталиева аталган үйдө неберелери менен жашай тургандыгын айтып, УКМК төрагасына ыраазычылык билдирди.

 

 

577