7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев ур-токмоктон каза болгон келин тууралуу үн катты

508

Ташиев Баткендеги айылдардын биринде күйөөсү аялын муунтуп өлтүргөн окуя тууралуу айтып, аялдарды жардам үчүн УКМКга кайрылууга чакырды.

“Урматтуу мекендештер!
Кадамжай районунда куйоосунун токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры ото аянычтуу болду.
Атайын кайрыламын,урматтуу кыз-келиндер!
Эгерде сиздерге зордук-зомбулук корсотулуп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кенселерине кайрылыныздар!
Энелерди,аялдарды,кыз-келиндерди сактап,коргоп жана жардам берууго биз милдеттуубуз!
Эне бар,уй було бар,Мекенибиз болот! “-деп берилет билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2-январда Баткендин Ирелеш айылында күйөөсү аялын көчөдө муунтуп өлтүргөн.

22 жашында каза болгон маркум келиндин туугандарынын айтымында, күйөөсү аны 3 күн бою сабаган. Келин үйдөн качып чыкканда, артынан барып, көчөдөн сабап, муунтуп өлтүргөн.

509