7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Өзбекстанга берилип кеткен 19200 гектар жерди толугу менен кайтарып алабыз

643

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун Чоң-Сай (Гавасай) жергесиндеги тургундар менен жолугушту.

Жергиликтүү жашоочуларга кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын акыркы жолугушуусунда жетишилген макулдашуусу тууралуу толук маалымат берилди.

Чоң-Сай тургундарын кызыктырган суроо-талаптарга жооп узатылды.

Чогулган эл: Чоң-Сай (Гавасай) аймагынан Өзбекстан тараптан алынган 8000 гектар жер тилкесин дагы көбөйтүүнү, тагыраагы — мурда Кыргыз бийлиги тарабынан Өзбек Республикасына өткөрүп берилип кеткен 19200 гектар аянтты кайтарып алууну суранышты.
Камчыбек Ташиев бул маселе боюнча толук маалыматы бар экенин жана айтылып жаткан 19200 гектар жер тилкесин кайра Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер жасала турганын айтты.

Ал үчүн тийиштүү иштер сөзсүз түрдө жүргүзүлөөрүн баса белгиледи.
Жергиликтүү жашоочулар Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, чек ара маселесин чечүү аракетин толугу менен колдоого алышты. Эл менен бирге ар бир маселеге көңүл буруп жатканына ыраазычылык билдирип, ак бата берип, жыйын жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644