7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Өзгөн районуна жаңы оорукана курууну тапшырды

330

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Өзгөн райондук ооруканасынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.

Ал оорукананын эскилиги жеткен имараттарын көрүп, учурдагы шарттар заман талабына такыр жооп бербей турганын белгиледи.

Медицина кызматкерлери жана бейтаптар үчүн ыңгайсыз болгон шарттарга күбө болгон Ташиев калктын саламаттыгы мамлекет үчүн эң башкы артыкчылык экенин айтып, жаңы заманбап оорукана куруу зарылдыгын так көрсөтүп өттү.

Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бул ишти создуктурбай, ыкчам түрдө жаңы курулушту баштоо боюнча тапшырма берди. Каражат маселесине токтолуп жатып, Ташиев жаңы оорукана курууга керектүү акча өлкө башчысы Садыр Жапаровдун стабилдештирүү фондунан бөлүнөрүн, демек маселе президенттин жеке көзөмөлүндө болоорун белгиледи.

Мындан тышкары, медициналык кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртуу, бейтаптардын сапаттуу дарыланышына шарт түзүү жана региондордо ден соолукту коргоо тармагын көтөрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.

331