7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Жакындарымдын сураныч-өтүнүчүн аткарууга милдеттүү эмессиңер!

479

Камчыбек Ташиев Кызыл-Кыя шаарында УКМКнын жаңы имаратын ачып жатып, атайын кызматтын бир дагы кызматкери жакындарынын өтүнүчүн аткарбашы керектигин белгиледи.

Ал эгер кол алдындагылардын бири жакындарынын маселесин кызматтык абалынан пайдаланып чечип берери аныкталса жазага тартыларын эскертти.

«Кыргыздар урук-туугандуу, бала-чакалуу, дос-жарлуу элбиз. Кудайга шүгүр, баары көп болсун. Бирок аларды жумушка аралаштырбаш керек. Менин бир да бир тууганым, балдарым менен мамиле түзбөшүңөр керек. Бирөөсү менен эле телефон аркылуу да сүйлөшө турган болсоңор жоопко тартылып, кызматтык иликтөөгө алынасыңар. Жакындарымдын тапшырма, суранычын аткарууга милдетүү эмессиңер», — деди Ташиев.

 

480