7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев жатак-мектебинин окуучуларын жаңы жылы менен куттуктап, белектерди тапшырды

294

Бүгүн, 28-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебинин жалпы жамаатын жана окуучуларын жаңы жылы менен куттуктады.

Майрамдык иш-чарага Билим берүү министринин орун басары Б.Т.Супаналиев, жатак-мектебинин эмгек жамааты жана окуучулары катышты.

Ташиев аталган мекеменин жалпы окутуучулар курамын жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук каалады. Ошондой эле төрага, аталган мектеп-интернатынын спорт залы менен актылык залы копиталдык ремонттон өткөрүлө тургандыгын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө жатак-мектептин окуучулары майрамдык концерттик программасын тартуулашты. Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан окуучуларга жаңы жылдык белектер жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебинин жетекчилиги, колдоо көрсөткөндү жана белектери үчүн Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

295