7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун даңазалуу мурасы дагы бир ирет эскерилди

15

Ташкент шаарындагы Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде заманабыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 97 жылдыгына арналган «Айтматов сабактары» аттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Кабар агенттиги жазды.

Иш-чараны университеттин «Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан» аттуу экспозициясынын директору, профессор Ахмаджон Мелибоев ачып, улуу жазуучунун мааракесин белгилөө жана аны эскерүү бүгүн тарыхый жана маданий мааниси өтө чоң окуя экенин баса белгиледи.

«Айтматов адамзаттын руханий дүйнөсүнө жаңы көлөм, жаңы тереңдик берген сейрек талант. Анын чыгармалары улуттан өйдө турган жалпы адамзаттык үмүт, тагдыр жана моралдык жоопкерчилик тууралуу баяндайт», — деди ал.

Профессор Мелибоевдин айтымында, Чыңгыз Айтматов өз чыгармачылыгында адам менен табияттын байланышы, руханий бузулуу, адамдык парз, миф жана цивилизациянын кагылышы сыяктуу жалпы инсаниятка таандык терең маселелерди көтөрүп келген. «Айтматов дүйнөнү ойлонткон суроолорду бир адамдын тагдыры аркылуу айтып берген улуу сүрөткер. Ошондуктан анын ар бир чыгармасы окурманды өзүнө тартып турат», — деди профессор.

Ал ошондой эле Айтматовдун Өзбекстандагы окурмандарынын жүрөгүнөн бекем орун алганын айтып, бул өлкөдө анын мурасына өзгөчө урмат көрсөтүлөрүн белгиледи.

«Өзбекстан окурмандары Айтматовду өзүнүн жазуучусундай көрөт. Анын каармандары да, көтөргөн идеялары да биздин рухий дүйнөгө абдан жакын», — деди Мелибоев.

Иш-чарада «Айтматов таануу» илиминин маани-маңызы, анын негизги багыттары жана Борбор Азиядагы илимий мектептер ортосундагы кызматташтык тууралуу да кеңири пикир алмашуу болду. Профессор жаштарга кайрылып, залкар жазуучунун чыгармаларын терең үйрөнүүнүн зор маанисин белгиледи. «Жаштар Айтматовдун мурасын билсе — алардын акылы да, жүрөгү да байыйт. Айтматов ар бир муунга керек болгон руханий сабакты калтырган», — деп баса айтты ал.

Мындан тышкары, кыргыз жана өзбек студенттеринин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, адабий жана илимий багыттагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Эске салсак, Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде «Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан» аттуу экспозиция президент Шавкат Мирзиёевдин 2018-жылы Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракелери алкагында ачылган. Экспозицияда жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана анын Өзбекстан менен болгон байланышы тууралуу уникалдуу материалдар камтылган.

16