7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент саммитке катышуу үчүн Конгресс-борборго келди

463

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда, Ташкент шаарынын Конгресс-борборуна Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитине катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин жана делегация башчыларын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

Саммитке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Пакистандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Анвар уль-Хак Какар жана ЭКУнун башкы катчысы Хусрав Нозири катышууда.

 

464