7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

761

Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ, 8-ноябрда, түнкү саат 23:30дар чамасында милицияга борбор калаадагы Элебаев көчөсүндөгү таштанды челекке белгисиз аял ымыркайды таштап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине тартип сакчылар барып, жаңы төрөлгөн наристени табышкан.

Учурда бул факт каттоого алынып, тергөө иштери жүрүп баштады. Ал эми ымыркай №1 төрөт үйүнө өткөрүп берилген. Анын абалы туруктуу экенин кошумчалашты.

 

762