7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таштанды полигону эми токойго айланат

388

Дордой жактагы таштанды полигону эми токойго айланат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Көп жылдан бери Дордой тараптагы таштанды полигону түтөп, түтүн аралаш таштандыларды чокуп жеген карга-кузгундар огобетер үрөйдү учуруп турар эле. Алгач түтүн толук өчүрүлүп, таштандылар жер менен тегизделип, өткөн жылы ал аянтка бактар отургузулган. Тигилген бактар бүчүр байлаптыр, эми тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулат. Буюрса карга-кузгун байырлап, түтүн каптаган полигон, эми жашыл бакка, токойго айланат»- деди Орунбеков.

Ошону менен бирге эле, ал жерге таштандыларды кайра иштетүү заводу курулуп жатат, эми мурдагыдай талааны каптаган акыр-чикир болбойт. Таштандылар заводдо күйгүзүлүп, андан электр энергиясы өндүрүлөт. Калдыктары курулуш багытында иштетилет.

389