7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таштандыдан табылган ымыркайдын абалы айтылды

339

Бишкекте таштанды челегинен табылган ымыркайдын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигине Бишкек шаарындагы Тез медициналык жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Анын айтымында, учурда ымыркай дарыгерлердин көзөмөлүндө.

«Ымыркай бизге өтө оор абалда түшкөн. Азыр баланын абалы туруктуу оор. Биз баланы толук текшерүүдөн өткөрдүк, анализдерди алдык. Бала ара төрөлгөндүктөн абалы акырындап турукташып келе жатат. Буга убакыт керек. Биз колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз. Дары-дармектердин баары бар», — деди ал.

Эске салсак, 28-январь күнү Бишкектин Интергельпо көчөсүндөгү таштанды челектен окуучулар ымыркай таап алган.

Наристе ооруканага жаткырылып, укук коргоо органдары бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, кыз баланын энесин издеп жатышканы айтылган.

340