Баткенде тажик тараптан жардырылган Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрө транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Көпүрөнү калыбына келтирүү иштерине 7 бирдик атайын техника тартылган. Бүгүнкү күндө оор жана жеңил унаалар үчүн убактылуу көпүрө камсыз болду”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жеткирүүнү ишке ашырган маанилүү объект болуп саналат.