7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажик жарандары Мырзабек Жумабаевди барымтадан бошото элек

773

Тажик жарандары тарабынан барымтага алынган Лейлек районунда Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев Тажикстандын аймагында экендиги аныкталды жана барымтадан бошотула элек. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка ылайык,  учурда Ички иштер министрлиги Тажикстандын күч структуралары менен Мырзабек Жумабаевди барымтадан бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Эске салсак, буга чейин кыргыз жарандарына тиешелүү «Жилой дом» участкасындагы турак жайларды тажик аскерлери ээлеп алган. Участкага жакын аймакта эки кыргызстандык каза болгондугун тактоо максатында Мырзабек Жумабаев барган учурда тажик жарандары аны барымтага алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

774