7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын оппозиционери кыргыздарга кайрылып, бардык маселени Рахмон чечүүдө дейт

12927

Тажикстандын аппозициядагы саясатчысы Мухиддин Кабири -кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болуп жаткан кагылышуу боюнча кыргыз элине кайрылуу жасады. ( Өлкө ичинде аппозицияга орун жок болгондуктан ал чет өлкөдө жашайт)

Карапайым тажик элинин кымындай да күнөөсү жок. Баардык маселени президенти Эмомали Рахмон жана анын кичине группасы чечип олтурат.

«Биз тарыхы, маданияты, дини бир элбиз, тажик эли эч качан, жарандык согуш мезгилинде Кыргызстандын жасаган жакшылыгын унутпайт. Ошол учурда сүйлөшүүлөр Кыргызстандын аймагында жүргөн, миңдеген жарандарыбызды  үй, тамак аш менен камсыздап караган. Тажиктер аралык сүйлөшүү Бишкек шаарында болгон, мен да ошол жерде элем, өз көзүм менен көргөнмүн. Ошол учурдагы президенти Аскар Акаев, апасы каза болгонуна карабай, «Тажиктер тынчтык келишимине кол коюп алмайынча, апамын тажиясын өткөрүүгө уруксат бербейм», -деп жаназага катышпай күтүп турган. Кыргыз бийлиги, кыргыз эли үчүң тажик элинин тынчттык сүйлөшүүсү маанилүү болгон. Биз аны эч качан унутпайбыз жана унутпашыбыз керек! «, -деди саясатчы Мухиддин Кабири.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12928