7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

79

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 12-13-мартта Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө эки өлкөнүн лидерлери «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышып, фольклордук-этнографиялык ансамблдердин катышуусундагы концерт көрүштү.

13-мартта, президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Андан соң эки мамлекет башчыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын кыргыз-тажик өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектри талкууланды.

Эки өлкө лидерлери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту.

Ошондо, экономика, энергетика, айыл чарба жана башка ар түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө багытталган документтерге кол коюлду.

Ошондой эле Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы «Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишин жандандыруу аземине видео байланыш режиминде катышты.

Бул Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болуп калды, ал эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы соода, экономикалык кызматташтык жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Андан кийин мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасап, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюу тагдыр чечүүчү тарыхый окуя болорун, ал эки өлкөнүн элдери жана ошондой эле кеңири эл аралык коомчулук тарабынан шыктануу менен кабыл алынарын баса белгилешти.

80