7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстанга күйүүчү май ташыган унаалар жөнүндө УКМК үн катты

501

Буга чейин айрым соцтармактарда Канибадам шаарынан Тажикстандын Худжанд шаарына Лейлектеги Арка айылындагы кыргыз-тажик биргелешкен автожолу аркылуу бара жаткан Кыргызстандын мамлекеттик номурлуу “май ташуучу унаалардын” өтүүсү боюнча комментарийлер жана видео, сүрөттөр жарыяланган.

Мындай билдирүүлөр Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү-майлоочу заттарды аткезчилик жол менен алып өтүүдө деген катаал айыптоо менен социалдык тармактын айрым колдонуучулары тарабынан түрдүү пикирлерди жаратты.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында төмөндөгүлөр аныкталды.

«Бул күйүүчү май ташыган унаалар чындыгында Кыргызстанда юридикалык дареги бар жеке компанияга таандык, бирок Казакстандын жаранына ижарага берилген. Анын ишканасы Өзбекстандан Тажикстанга өнөр жай майын ташуу боюнча кызмат көрсөтөт. 6-мартта өзбек-тажик чек арасында унаалар топтолуп калгандыктан бул компания Канибадам-Арка-Ходжент унаа жолуна чыгууга аргасыз болгон. Ижарага алынган жүк ташуучу унааларды Кыргызстандын жарандары Тажикстандын аймагына кирүүгө мүмкүн болбогондуктан Өзбекстандын жарандары айдаган. Аталган ишкананын ээлери менен Кыргызстанга тиешелүү автотранспортторду пайдалануу аркылуу алдыда мындай фактыга жол бербөө тууралуу тиешелүү профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү»,- дешти.

502