7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажиктер кармап кеткен жоокер кайтарылып берилди, абалы канааттандырарлык

14781

10-июль саат 10.00 карата Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынин маалымат кызматы маалымдайт.

Кечээ 2021-жылдын 9-июлу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында  Чек ара кызматынын аскер кызматкери прапорщик З.Умаров кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
Бүгүн 2021-жылдын 10-июлу саат 00.55 Кыргызстандын чек ара өкүлү жана прапорщик З.Умаров Кыргызстанга «Кайрагач-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу келишти. Чек арачынын ден-соолугу канаатандырарлык деп бааланууда.

Эскертип кетсек: 2021-жылдын 8-июлу КР УКМК Чек ара кызматынын чек ара кезмети кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чашмагильдан ашуусуна жакын жерден Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан, аскер кызматкерлердин ортосунда ок атышуу орун алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

14782