7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Телефон менен сүйлөшпөңүз». Чагылгандан кантип сактануу керек?

418

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн күркүрөп, чагылган чартылдаган учурдагы коопсуздук чараларын тизмектеди.

  • Эгерде калктуу конушта болсоңуз терезе, эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз.
  • Мешке от жакпаңыз, анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат.
  • Уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз, себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет.
  • Бул учурда токойдо болсоңуз ачык жерге шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус.
  • Көлдө же суу жээгинде калбаңыз. Бийик жерден ойдуңга түшүңүз.

Синоптиктер Кыргызстанда 8-12-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканын билдирүүдө.

419