Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн күркүрөп, чагылган чартылдаган учурдагы коопсуздук чараларын тизмектеди.
- Эгерде калктуу конушта болсоңуз терезе, эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз.
- Мешке от жакпаңыз, анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат.
- Уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз, себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет.
- Бул учурда токойдо болсоңуз ачык жерге шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус.
- Көлдө же суу жээгинде калбаңыз. Бийик жерден ойдуңга түшүңүз.
Синоптиктер Кыргызстанда 8-12-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканын билдирүүдө.