7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров кармалды

522

Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров Париждин Ле Бурже аэропортунда кармалды. Бул тууралуу  TF1/LCI телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Франциянын жарандыгын алган ишкер убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 39 жаштагы ишкер 24-август, ишемби күнү кечинде жеке учагынан чыгып бараткан жеринен кармалган. Ал Азербайжандан барганын айткан.

Ал терроризм, баңги аткезчилиги, алдамчылык, адалдоо, уурдалган нерсени сатып алуу үчүн айыпталышы мүмкүн.

Павел Дуров ВКонтакте социалдык тармагынын жана Telegram мессенджеринин негиздөөчүсү. Ал Forbes журналындагы эң бай орусиялыктардын рейтингинде сегизинчи орунда турат.

523