Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров Париждин Ле Бурже аэропортунда кармалды. Бул тууралуу TF1/LCI телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, Франциянын жарандыгын алган ишкер убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 39 жаштагы ишкер 24-август, ишемби күнү кечинде жеке учагынан чыгып бараткан жеринен кармалган. Ал Азербайжандан барганын айткан.
Ал терроризм, баңги аткезчилиги, алдамчылык, адалдоо, уурдалган нерсени сатып алуу үчүн айыпталышы мүмкүн.
Павел Дуров ВКонтакте социалдык тармагынын жана Telegram мессенджеринин негиздөөчүсү. Ал Forbes журналындагы эң бай орусиялыктардын рейтингинде сегизинчи орунда турат.